Фергана облусунан Баткен облусуна гуманитардык жардам келди

Өзбекстандын Фергана облусунан Кыргызстандын Баткен облусуна медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам келди. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, гумжардамдын жалпы суммасы 6 млн. 300 миң сомду түздү. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабораториялык шаймандар бар.

 

“Коңшулаш жайгашкан эки облустун башчылары буга чейин да кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттар, азык-түлүк продукциялары боюнча бири бирине жардам берип келишет. Баткен облусунун жетекчилиги кошуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге, Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет”, деп айтты басма сөз катчы Чолпон Бердикулова.

8-июлга карата Баткен облусунда коронавирус илдети тастыкталган 21 жаңы учур катталды.

Облус боюнча жалпы ооругандардын саны 193 адамга жетти
Бүгүнкү күнгө чейин ооруканадан 48 адам айыгып чыкты.