Бишкекте маршруттук унааларда жол кирени жакынкы аралыкта көтөрүү мүмкүн эмес

Бишкекте маршруттук унааларда жол кирени жакынкы аралыкта көтөрүү мүмкүн эмес.

Жүргүнчүлөрдү ташуучулар менен болгон жолугушууда вице-мэр Азиз Алымкулов билдиргендей,

бул маселе комплекстүү түрдө каралып, коомдук талкууга чыгарылышы керек. Чиновник сунуштагандай,

жүргүнчүлөрдү ташуучулар шаардык унаа башкармалыгына сунуштарды киргизе турган жана

эсептерди жүргүзгөн топ түзүшү керек. Эске салсак, бүгүн маршруттук унаалардын айдоочулары

жол кирени жогорулатууну талап кылышты, болбосо алар иш таштоого даяр.