Баткен облусунда Тажикстандын 11 жараны кармалды

Баткен облусунда Тажикстандын 11 жараны кармалганын УКМКдан кабарлады.
Ведомстводон билдиргендей, кармалгандар Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз иштешкен. Алардын баары Тажикстан Республикасынын чек арага жакын жайгашкан Согд облусунун тургундары экени аныкталды.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чет элдик жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.