Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.