Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка
премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эске салсак,
өкмөттүн Жалал-Абаддагы мурунку өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган кызматты
2016-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген. Ал эми Мирзахмедов
Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келгени маалым.