Парламент депутаттары бир добуштан Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына колдоду.
Ошондой эле, Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын жана программасын бекитти. Эске салсак, 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган. Бирок андан кийин юристтер бир катар процедуралар бузуулар менен жүргүзүлгөнүн жарыялап, чечимдин мыйзамдуулугуна күмөн санашты.
Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо жөнүндө парламенттин токтомун кайра артка кайтарды.