Ысык-Көлдө «Тамчы» эркин экономикалык аймагын түзүү пландалууда

Ысык-Көлдө «Тамчы» эркин экономикалык аймагын түзүү пландалып жатат.

Президент Садыр Жапаровдун аймакка иш сапарында белгилүү болгондой, өндүрүш «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун аймагында жайгашат.

Белгиленгендей, «Каракол» жана «Балыкчы» эркин экономикалык аймактары жоюлат.

«Тамчы» эркин экономикалык аймагына өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат.

Бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.