Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублдан берилет

Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублдан берилет.

 

Мындай чечимди Россия ордо калаасынын мэриясы кабыл алды. Бул максатта жылына  700 миллион рубль талап кылынат.

 

Эки же андан көп бала төрөлгөн учурда төлөм ар бир ымыркай үчүн берилет. Акча алууну каалаган ата-энелер белек топтомунан баш тартышы керек.