Баткен облусунда жабыркагандарга 1 миң 332 тонна гуманитардык жүк жардам жеткирилди

 

Баткен облусунда жабыркагандарга 1 миң 332 тонна гуманитардык жүк жардам жеткирилди.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, министрлик тарабынан 189 тонна, жарандардын өз күчү менне 942 тонна жеткирилди. Сактоочу жайларда учурда 201 тонна жүк бар.

 

Республика аймагында гуманитардык жардам кабыл алуу боюнча 184 түйүн иштеп жатат. 137 миң адам коомдук жерге эвакуацияланып, 14 миңи кайра үйлөрүнө кайтып келди.