Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылынын тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда уруш чыгып, алар бирин бири таш баранга алышты.

 

Жерине Чек ара кызматынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери барды. Учурда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

 

Эске салсак, 16-декабрда дагы Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан.  Буга Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо баштаганы себеп болгон.