Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан такташкандай, учурга карата атышуу токтотулду. Куралдуу кол салуунун жыйынтыгында 2 чек арачы жабыркады.

 

Эске салсак, Баткен районуна караштуу Булак-Башы жергесине тажикстандык чек арачылар кирип келген. Чыгып кетүү талаптарына баш ийбей, алар ок чыгарды. Тажик тарап минометторду дагы колдонгону маалымдалат.