Кыргызстандын бардык аймактарына эмдөө кийинки 2 ай ичинде жетет

Кыргызстандын бардык аймактарына эмдөө кийинки 2 ай ичинде жетет.

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 100 медицина кызматкери атайын окуудан өткөн. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды.

 

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, Тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда.