Ош шаарындагы жаңы оорукана жакынкы аралыкта курулуп бүтөт.
Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров билдирет.
Анын айтымында, жаңы оорукана 100 орундуу болот. Долбоорго ылайык, медициналык мекеме 3 бөлүмдөн турат.
Объектини ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Имарат тез тургузулуучу конструкция менен салынууда. Кошумчаласак,
Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жаңы ооруканалар курулуп жатат.