Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылды.
Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки
даярдоо мекемелеринин ишин 8-апрелге чейин токтотуу
чечими кабыл алынды. Ага жеке менчик бала бакчалар дагы кирет.
Эске салсак, өлкөдө 16-марттан баштап мектеп жана жогорку
окуу жайлар жабылган. Карантин 6-апрелге чейин созулат.