Ташкент-Бишкек багыты боюнча автобустук каттам бүгүнтөн  тарта кое берилет

Ташкент-Бишкек багыты боюнча автобустук каттам бүгүнтөн  тарта кое берилет. Бул тууралуу маалымат Өзбекстан ордо калаасынын автобекетинин сайтында пайда болду.

 

Каттам эки күндө бир, кечки саат 6да жана 7де аткарылат. Билет баасы дээрлик 2 миң сомду түзөт. Эске салсак, Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырган автобустук каттам 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам токтотулган болчу.