Кыргызстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлөт.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык,
иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт.
Программалардын планы 1-декабрга чейин бекитилиши керек.
Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилет.
Ал эми жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө милдети президент аппаратынын жетекчисине жүктөлдү.