Ордо калаада айдоочулар көзөмөлгө алынууда

Ордо калаада айдоочулар көзөмөлгө алынууда.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей,

өткөн жума ичинде дээрлик 5,5 миң айдоочу жолдо жүрү эрежесин бузду.

Анын ичинен мас абалда унаа башкаруу фактысы боюнча 87 адам кармалды.

Ошондой эле 700 машине айып короосуна киргизилди. Анын 169у эвакуатор менен жүктөлүп кеткен.

Кайгуул кызматынан эскертишкендей, айдоочуларга карата рейд жүргүзүү улантылат.

Мындан улам руль башкарууда жолдо жүрүү эрежесин сактоо зарыл.