“Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү оңдоп-түзөөгө жабылат

“Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү оңдоп-түзөөгө жабылат. Бул тууралуу анын начальниги Бакытбек Шамурзаев билдирди. Анын айтымында, кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында эки чийиндүү жолду, 4 чийинге чейин кеңейтүү пландалууда.

 

Андан тышкары, кабиналардын саны көбөйтүлөт. Казакстанга өтүү үчүн “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң”, “Чалдыбар” жана “Токмок” түйүндөрү сунушталат. “Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү ремонтко качан жабылат, азырынча белгисиз.