Кыргызстан аймагында катуу карантин чаралары киргизилбейт

Кыргызстан аймагында катуу карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, коронавирус боюнча азыркы статистика үчүнчү толкун катары эсептелбейт.

 

Абал толук көзөмөл алдында, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, соңку күндөрү Кыргызстанда коронавируска кабылуу учурлары кайрадан көбөйүп, суткасына 100дөн ашып баштады.

 

Алардын басымдуусу Бишкекте катталып жатат. Буга байланыштуу, кайрадан карантин киргизилет деген имиштер дагы айтылууда.