Андижанда Кыргызстан менен Өзбекстандын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өттү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар мамлекеттик чек араларды демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.