Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны ачылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Жыйын саат 10:00дө башталат. 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын жабылуу аземи өткөн. Бул сессияда 131 мыйзам долбоору, 615 токтом кабыл алынып, премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын жетекчилеринин жылдык отчёттору угулган.