Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө.
Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.
Иш-чара дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан башталды.
Бишкектин Эски аянтында өткөн айт намазга президент Садыр Жапаров баштаган 10 миңден ашык адам катышты.
Ички иштер министрлигинен такташкандай, коомдук тартипти 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөдү.
Эске салсак, эки жылдан бери коронавирус пандемиясынан улам аянтта Айт намаз окууга тыюу салынып келген.
Массалык сыйынууга 2-майда гана Орозо айтка карата уруксат берилген болчу.