“Кыргызстан обондору” радиосунда дүйнөлүк рекорд!

“Кыргызстан обондору” радиосунда дүйнөлүк рекорд!

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү радиостанциясынын ди-джейлери

мамлекеттик тил күнүнө карата 62 саат бою түз эфир алып барат.

Рекорд 22-сентябрь, ушул шаршемби эртең мененки саат 8де башталып,

24-сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат. Рекорд коюу учурунда

активдүү угармандарга белектер ойнотулат. Муну менен катар

студияга коноктор, өлкөнүн ар багыттагы рекордчулары келет.

Дүйнөлүк рекорддун жүрүшүн Кыргызстан Обондорунун инстаграмдагы

баракчасынан жана ютуб каналынан көрүп, сиз дагы күбө болуңуз.