Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 74-орунга жайгашты

Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 74-орунга жайгашты.

ЕАЭБ өлкөлөрү арасында бизден жогору 50-орунда Казакстан жана 73-сапта россиялыктар турат.

Беларусия 75, Армения 116 орунда. Бир жыл аралыгында Кыргызстан позициясын 12 тепкичке жогорулата алды.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бактылуулук боюнча рейтинги – бул эл аралык изилдөө долбоору.

Анда жашоо узактыгы, адамдын жарандык эркиндиги, коопсуздукту сезүү, үй-бүлө туруктуулугу,

ишеним жана коом арасындагы берешендик индекстери каралат. Рейтинг боюнча эң бактылуу адамдар

былтыркыдай эле Финляндия жашоочулары аталды. Ага катар дүйнөдөгү барынан бактысыз жарандар Зимбабве тургундары.