Оштун Араван районунда жаңы билим берүү мекемеси пайда болду

Оштун Араван районунда жаңы билим берүү мекемеси пайда болду.

Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Көчүбаев айылындагы

жатак мектеп интернатынын жаңы окуу корпусу 225 окуучуга чакталды.

Эки кабаттуу объект бардык шарттары менен курулду. Иштерге жалпысынан

84 миллион 500 миң сом багытталды. Аталган мектепте ата-энеси жок,

аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары жатып билим алышат.

Буга чейинки корпус 63 жыл мурда курулган.