Кыргызстан россиялык банктан 500 миллион доллар насыя алат

Кыргызстан россиялык банктан 500 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. Анын айтымында, бул сумма жер семирткич, үрөн жана битум алууга жумшалат.

 

Өкмөт башчы белгилегендей,  айдоо иштерине кышында даярдык көрүлүп, жазгы талаа иштери өз маалында, ирети менен башталат. Насыя алуунун шарттары азырынча такталбайт.