«Манас» эл аралык аэропортунун жолунда жарыш уюштурган айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 айдоочу жолду тосуп коюп, катуу ылдамдык менен жарыш уюштурган. Айдоочуларга «авто бейбаштык» беренеси менен протокол толтурулуп, аларга 7 жарым миң сомдон айып салынган.
Кызматкерлер жарыш уюштургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.