Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды. Россиялык диетолог Римма Мойсенконун айтымында, ысыкта алкоголдук ичимик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек. Нан азыктары, май жана жаңгакты дагы аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.

 

Ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу эмес эт, балык жана деңиз азыктары болушу маанилүү.

 

Андан тышкары, диетологдор сууну жетиштүү өлчөмдө ичүүнү сунуштайт.