Кыргызстандыктар өлкөнүн башкы маселелерин атап беришти.
Алар – жумушсуздук, жогорку баалар жана коррупция. Мындай маалыматты Кыргызстандагы аналитикалык изилдөөлөр борбору келтирет.
Сурамжылоого катышкандардын 66 пайызы өлкөнүн башкы маселеси деп жумушсуздукту атады. Экинчи, үчүнчү орундарда кымбатчылык жана коррупция – 66, 35 пайыздан. Андан кийин таза суу, социалдык жеңилдиктер, согуш жана саламаттыкты сактоо жаатындагы маселелер турат.