Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 млн долларлык эки келишимге кол койду

Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 миллион долларлык эки келишимге кол койду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, долбоорлор «Турак жайды каржылоо» жана «Суусамыр—Талас—Тараз” жолун реконструкциялоого багытталган.

 

Кредиттик макулдашууга ылайык, муктаж жарандар арзан турак жай менен камсыздалып, Таластагы жолдун 92 чакырымдан ашыгы оңдолушу керек.