Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет

Ажылык сапарга бара турган кыргызстандыктар эмдөөдөн өтүшү керек. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, зыяратчылар 26-апрелден 8-майга чейин менингитке жана сасык тумоого каршы вакциналарды алышы керек.

 

Андан тышкары, коронавируска каршы эмдөөнүн сертификаты дагы талап кылынат. Эске салсак, быйыл ажылык сапар июнда башталат. Сауд Арабия Кыргызстанга 6 миң 110 орун бөлүп берген.