Кыргызстан Түркияга алты багыттагы дарыгерлерди жөнөтөт

Кыргызстан Түркияга дарыгерлерди жөнөтөт. Зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр боюнча хирург жана жалпы профиль боюнча хирург барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Дарыгерлер Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталында медициналык жардам көрсөтүшөрү айтылды.
«Түркия биз жардамга муктаж болгондо ар дайым колун сунуп келет. Биз дагы боордошторубуз үчүн ушундай оор мезгилде аларды колдоого милдеттүүбүз. Андыктан дарыгерлер тобу Түркиянын жабыр тарткан аймактарына барып, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтөт», — деди саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.
Ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которору айтылды.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 20 213кө жетип, 80 052 адам жабыркаган.