Кыргызстан жана Япония тышкы мамлекеттик карызды тейлөөнү убактылуу токтотууну макулдашты

Кыргызстан жана Япония тышкы мамлекеттик карызды тейлөөнү убактылуу токтотууну макулдашты. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата эки  өлкө ортосундагы бересе 394,5 миллион сомду түзөт.

 

Ведомстводон белгилешкендей, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду экономикасы өнүккөн мамлекеттерди тышкы карызды тейлөөнү убактылуу токтотуп туруу демилгесин иштеп чыгууга чакырды.

 

Максаты – коронавирус пандемиясынан кийинки каржылык кыйынчылыктарды азайтуу. Япония буга макул болуп, Кыргызстанга колдоо көрсөттү.