Кыргызстанда 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин айлыгы жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Министрлер кабинетинин токтом долбоору даяр.

 

Документке ылайык, аскер кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга көтөрүлөт. Андан тышкары, алардын кызматы өзгөчө шарттарда өтө турганын эске алуу менен, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта 1 жыл кызмат өтөө 1,5 жылга, ал эми Баткен облусунда 2 жылга теңелет.