Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылат

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылат.

Мэриянын маалыматында, Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы

бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен

эртең кечки саат 10до «Жеңиш» аянтында фейерверк аттырууну уюштурат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, майрамга деп бөлүнгөн 2,5 миллион сом

калаанын башка керектөөлөрүнө жумшалат. Карантиндик чектөөлөрдөн

улам массалык түрдө көчөгө чыгып майрамдоого болбойт.