Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу тобунун жыйынынын негизинде
былтыр майдан бери 80 чакырымдан ашык чек ара тилкеси жазылды. Бул тууралуу
министрлер кабинетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, 10-февралдан 15ине
чейин кезектеги ирет Кыргызстан аймагында жыйын өтөт. Кыргыз-тажик мамлекеттик
чек арасынын линиясын жазууда 1924-1927 жана 1989-жылдардагы документтер каралат.