Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө унаалардын узун кезеги жаралууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө унаалардын узун кезеги жаралууда. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жүктүн документтерин күтүп Бишкек-Торугарт жолун бойлой 130дай унаа токтоп турат.

 

Ал эми “Ак-Тилек” бекетинин өзүндө Казакстанга өтүш үчүн 12 жүк ташуучу машине кезек күтүп турат. Ведомстводон белгилешкендей, Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитети унааларга кошумча текшерүү киргизди.