Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун чек аранын делимитация жана демаркациясы боюнча сүйлөшүүлөрү ушул жумада өтөт

Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун чек аранын делимитация жана демаркациясы боюнча сүйлөшүүлөрү ушул жумада өтөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

 

Анын айтымында, жолугушуу коңшу мамлекеттин аймагында болот. Андан тышкары, Тажикстан менен биргелешкен иштер дагы улантылат. Эске салсак, Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларынын айрым тилкелери тактала элек. Андан улам, чектеш аймактардын жашоочулары ортосунда көптөгөн жаңжалдар чыгып келет.