Москвада өтө турган Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат

Москвада өтө турган Жеңиш парадына Кыргызстандан 3 ардагер катышат.

Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Анын айтымында, Россия тарап кыргызстандык ардагерлердин жана

аларды коштоп барган адамдардын жол чыгымын өз мойнуна алды.

Учурда тизме такталып жатат. Иш-чараларга катыша тургандар

ден соолугуна жана абалына жараша жөнөтүлөт. Кошумчаласак,

Кызыл аянттагы өтө турган аскерий парад программасы

Кыргызстан — Россия кайчылаш жылынын негизги бөлүгү.