Өзгөчө абал жарыяланган учурда «балага сүйүнчү» албай калгандар эми да кайрылса болот.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, ата-энелер бала 6 айга толгонго чейин арыз тапшыра алат.
Ал үчүн атанын же эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана банктык реквизиттер талап кылынат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 2018-жылдан тартып 4 миң сом өлчөмүндө «Балага сүйүнчү» бериле баштады.