Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт

Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул күндөрү өлкөдө эс алуу күндөрү жарыяланганын, тиешелүү түрдө калкты тейлөө борборлору 10-майда иштей турганын эскертет.

Жарандар келе жаткан узак дем алыш күндөрүнө чейин документтерди даярдоого кам көрүшү керек.