Ош шаарында курулуп жаткан жаңы оорукана ноябрдан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык жай 3 блоктон турат. Жалпысынан 100 орундуу.
Ар бир бөлмөсүндө жуунучу жайы бар. ошондой эле, оор бейтаптарды жылдырбай кароого шарттар түзүлгөн. Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.