Кыргызстандагы төрт кичи ГЭСти модернизациялоону ЕРӨБ каржылашы күтүлүүдө

“Чакан ГЭС” ишканасынын 4 кичи ГЭСин модернизациялоону Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылашы мүмкүн.

Долбоор боюнча алдын ала инвестициялык келишимге Энергетика министрлиги менен кол коюлганын бизге ведомстводон такташты.

Модернизациялоо аяктагандан кийин орнотулган кубаттуулукту 3,2 МВтка көбөйтүү, ошондой эле станциялардын суу агымын эффективдүү пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгууну 20 пайыздан ашык же 37 миллион ​​кВт саатка кошумча көбөйтүү күтүлүп жатат.

Белгилеп кетсек, “Чакан ГЭСке” Аламүдүн кичи ГЭС каскады, Быстровская ГЭСи жана Таластагы Киров суу сактагычында курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСи кирет.