Коронавирустан ооруп айыккандар эми коркпой эле койсо болот

Коронавирустан ооруп айыккандар эми коркпой эле койсо болот. Алар вирусту кайра жуктурбайт, — деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев билдирди.

 

Анын айтымында, COVID-19 менен ооруган адамда иммунитет пайда болгондуктан экинчи ирет жуктуруп алат деген далил азырынча жок. Иммундук система көпкө чейин сакталышы мүмкүн деген божомол бар.

 

Коронавирус инфекциясынан дарыланып бүткөндөн кийин, тагыраагы, эки жумадан соң ал башкаларга жугушу мүмкүн эмес, — деди Сооронбаев.