Жалал-Абадда рейд өткөрүлүп, иштеп жаткан коомдук тамактануу жайлары аныкталып жатат

Жалал-Абадда рейд өткөрүлүп, иштеп жаткан коомдук тамактануу жайлары аныкталып жатат. Мэриядан билдиришкендей, бардык кафе-ресторандарды жабуу чечими кабыл алынганына карабай, 2 чайкана жана компьютердик клубдар иштеп жатканы аныкталып, ээлерине айып салынды.

 

Андан тышкары, алардын электр энергиясы жана суусу өчүрүлдү.

 

Эске салсак, өткөн жумада Жалал-Абадда эпидемиологиялык абал курчуп кеткенине байланыштуу чектөөлөр киргизилип, коомдук тамактануу жайлары дагы жабылган.