Жаңы жылдык майрамдарда Ысык-Көлдө жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт

Жаңы жылдык майрамдарда Ысык-Көлдө жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Коопсуздукту камсыздоо үчүн  райондук борборлордо жана шаарларда кошумча бригадалар түзүлдү.

 

Ошондой эле, мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер уюштурулду.