Бишкекке 40 кайың тигилди

Бишкектин Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан «Балалык» паркына 40 кайыңдын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ал Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Александр Воротниковдун жаркын элесине арналган.

Воротников июлдун аягында пневмониядан улам каза тапкан. Бүгүн ал эмгектенип кеткен башкармалыктын жамааты аны жана башка кызматкерлерди эскеришкен.

 

Воротников бүткүл өмүрүн капиталдык курулушту башкарууга арнап, 33 жыл ичинде техникалык көзөмөлдөө боюнча инженерден тарта жетекчи кызматына чейин жеткен.