Кыргызстанда 2023-жылы доллардын курсу төмөндөйт

Кийинки жылы Кыргызстанда доллардын орточо курсу бир аз төмөндөйт. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын 2023-жылга карата макроэкономикалык божомолунда камтылган.
Божомолдор төмөндөгүдөй:

2022-жыл — 83,7 сом;

2023 — 83,3 сом;

2024 — 85,2 сом.

«Сомдун курсу 2023-жылы 82-84 сомдун деңгээлинде болуп, орто мөөнөттү келечекте акырындык менен арзандай баштайт. Буга Кыргызстандын Улуттук банкынын валюта саясаты дагы өбөлгө болот. Ал эми узак мөөнөттөгү фундаменталдык факторлордо сомдун баасы болжол менен эки пайызга түшөт», — деп эсептейт ЕАӨБдүн аналитиктери.
Эскерте кетсек, аталган банк жыл сайын макроэкономикалык божомол жасап, валюта курсуна басым жасап келет.