Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлүп берет

Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, каражатты биздин мамлекет Ош, Каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Базар-Коргон райондорунда таза суу системасынын курулушуна жана кайра калыбына келтирүү иштерине багытташы керек.

 

Белгилеп кетсек, биздин өлкөнүн  30 пайызында таза сууга күнү-түнү мүмкүнчүлүгү бар болсо, 13 пайызы аны суткасына 4-12 саат гана ала алат, ал эми 22 пайыз калк жашаган түйүндөрдө таза суу такыр эле жок.