Кыргызстанда 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө “Жашыл Мурас” улуттук программасы, ошондой эле “Жашыл Кыргызстан” программасы ишке ашырылып жатат.

Анын алкагында былтыр 8 миллион көчөт отургузулган.